Өзбек аба жолдорунун учагы Бишкекке коно албай артка кайтты

Өзбек аба жолдорунун учагы Бишкекке коно албай артка кайтты

Өзбек аба жолдорунун учагы Бишкекке коно албай калды. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунан билдиришти.

Маалыматка караганда, кечээ, 23-январь күнү, Uzbekistan Airways компаниясынын самолету Ташкенттен учуп чыгып, бирок тумандан улам коно албай артка кайткан.

Кийинчерээк кайра абага көтөрүлүп, Бишкекке келген.

«Туман болжол менен түнкү саат 03.00дө башталган.

Мындан улам Москва — Бишкек — Москва жана Ташкент — Бишкек — Ташкент рейстери жылып, Ош — Бишкек каттамы кармалган.

Азыркы учурда «Манас» аба майданы штаттык тартипте иштеп жатат.

Булак:NazarNews.kg

Назар Новости