Нур-Султанда бороонго байланыштуу аба каттамдары кечигип, жолдор жабылды

Нур-Султанда бороонго байланыштуу аба каттамдары кечигип, жолдор жабылды

Аба ырайынын катаал шартына байланыштуу Нур-Султандагы бардык аба каттамдары белгисиз убакытка жылдырылды.

Нур-Султан эл аралык аэропортунун маалымат катчысы Жеңис Ахметжановдун айтымында, 27-январь күнү эртең менен шамалдын ылдамдыгы секундасына 24 метрге жеткен.

Мындан тышкары дүйшөмбүдө калаа мектептеринде жана коллеждерде окуу убактылуу токтотулду.

27-январда өлкөнүн башка бир катар райондорунда да аба ырайынын катаал шартына байланыштуу эскертүү берилди. Синоптиктер катуу бороон болорун божомолдошууда.

Буга байланыштуу Казакстандын тогуз облусунда ондогон жолдор жабылды.

Назар Новости