«Казакмыстагы» жаңжалдан бир адам өлүп, экөө жаракат алды

«Казакмыстагы» жаңжалдан бир адам өлүп, экөө жаракат алды

21-январь күнү кечинде Караганды облусунун Жезказган шаарындагы «Казакмыс» корпорациясынын кеңсесинде чыккан жаңжалда бир адам суицид жасап, эки адам бычактан алган жаракаты менен ооруканага жеткирилди.

Караганды облустук полиция депаратаменти билдиргендей, «Казакмыс» корпорациясынын кесиптик кошуунунун жетекчиси Тогузбай Тажбенов жаңжал учурунда тоо кен байытуучу комбинаттын директоруна жана корпорациянын дагы бир кызматкерине бычак менен кол салган. Андан соң өзүнө өзү бычак сайып мерт болгон. Жаракат алгандар ооруканага жеткирилди. Бул факт боюнча тергөө иштери башталды.

«Казакмыс» Казакстанда жез чыгарган ири корпорация. Ал жезден тышкары алтын, күмүш жана коргошун өндүрөт. «Казакмыстын» ээси – Владимир Ким. Forbes журналынын версиясы боюнча былтыр анын байлыгы 4,6 миллиард долларды түзгөн.

Назар Новости