Индияда сексуалдык кызмат көрсөткөн өзбекстандык келин кармалды

Индияда сексуалдык кызмат көрсөткөн өзбекстандык келин кармалды

Индиянын Бхопал шаарында жергиликтүү полиция сексуалдык кызмат көрсөткөн топту кармады. Бул тууралуу Борбор Азия жаңылыктар кызматы жазып чыкты.

Атайын операциянын жүрүшүндө төрт аял жана аларга көмөк көрөткөн эки эркек киши колго түшкөн. Кармалгандардын арасында өзбекстандык келин бар, ал жергиликтүү банктын менеджерине сексуалдык кызмат көрсөтүп турган. Бул тууралуу Индия басылмалары жазышты.

Өзбекстандын жараны Делиде каттоодон өткөн, учурда анын документтери текшерилүүдө. Ал жөнүндө маалымат Индиядагы өзбек элчилигине берилген-берилбегени белгисиз.

Чет өлкөлүк басылмалар өзбекстандык кыз-келиндер Бириккен Араб Эмираттары, Түркия жана Индия сыяктуу өлкөлөрдө сексуалдык кулчулукка көп кабылып жатканын байма-бай жазып келишет.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости