АУДТО — ВИДЕО – Ишенимдүү достордун айрылышы кыйын болду

АУДТО - ВИДЕО – Ишенимдүү достордун айрылышы кыйын болду

Кинолог кызматынан кетип жатат. Бирок, төрт аяктуу ишенимдүү, берилген досу аны кетиргиси жок. Айбан болсо дагы, ит буга чейинки кожоюн досу менен ажырашып жатканын сезип, билип жаткандай.

Кытайда тартылды делген мына ушул тасма көпчүлүктүн жүрөгүн оорутуп, жашыктардын жашын агызууда. Бул тууралуу Твиттердеги талкууда көпчүлүк итти кинологго бериши керек экенин, антпесе бу жаныбар кайгы менен кусалыкты көтөрө албай турганын жазышууда.

Кандай болгон күнү дагы, бул тажрыйба “ит адамдын досу” экенин далилдеди көрүнөт. Достуктун мындан өткөн чеги болбостур. Адамдарда ушундай берилген достук барбы?…

Айтмакчы айымдар эркектин жүрөгүн жаралаганды мындан байкап алгыла…

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости