ВИДЕО — Анжиянда үйүн конфискациялоого каршы өзүнө өрт койгон тургун каза болду

Анжиян облусунда 31 жаштагы жергиликтүү тургун Хушнуд Гойибназаров күйүктөн алган жаратынан улам ооруканада каза болду. 21-январда ал үйүн конфискациялоого келген Мажбурлап аткартуу бюросунун кызматкерлеринин көзүнчө өзүнө өрт койгон. Бул тууралуу «Борбор Азия жаңылыктар кызматы» жазып чыкты.

Өткөн жумада маркумдун эжеси Гульбахор Омонова иниси Мажбурлап аткартуу бюросунун кызматкерлери андан үйүн бошотуп берүүсүн талап кылгандан кийин өзүнө өрт койгонун билдирген.

– 2013-жылы анын үйү күрөөгө коюлуп, башка бирөөнө өтүп кеткен экен. Иним суукта кайда барам деп жума күнгө чейин убакыт берүүнү суранган. Бирок инспекторлор макул болбой коюшкан, андан соң ал үстүнө бензин чачып, өрт койгон,— деген эжеси.

26-январда Effect.uz сайты Мажбурлап аткартуу бюросунун бул окуя боюнча билдирүүсүн жарыялады.

— Бюро соттун чечимдерин талкуулабайт. Инспекторлор мыйзамдуу күчүнө кирген соттун чечимдерин аткарууга милдеттүү», – деп жазылган билдирүүдө.

Учурда Анжиян райондук прокуратурасы Гойибназаровдун өлүмү боюнча тергөө иштерин жүргүзүүдө.

Акыркы жылдары Өзбекстанда кыймылсыз мүлкүн коргоо үчүн жарандар өзүнө өрт койгон учурлар көп катталууда.

https://www.youtube.com/watch?v=player/0/30393790.html?type=video

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости