“Андай чёрт кыялыңды көрсөтпө”. “Чыпалак баатыр” Ситорага сын айтты

“Андай чёрт кыялыңды көрсөтпө”. “Чыпалак баатыр” Ситорага сын айтты

“Эй, Ситора карындаш! Эмне Гүлнур эженин кнопкасын басасың, кызыл кылып. Мындай концертиңди токтоткун”. “Чыпалак баатыр”, “Күчмен” каймана аттары менен белгилүү Зарылбек Аликенов мына ушундай маанидеги видеокайрылуусун “NazarNews.kg” маалымат агенттигине жөнөттү.

Өзү айтмакчы көп кырдуу талант ээси Аликенов бул кайрылуусунда өзбек эстрада ырчысы Ситорага таарынычын билдирген.

Эске сала кетсек, “Чыпалак баатыр” Алматы шаарында өткөн “Азия таленттери” сынагында өнөрүн көргөзгөн. Бирок анын өнөрүнөн чочулаган калыстардын бири Ситора өзүнүнүкүн. Андан соң Гүлнур Сатылганованын да каршылык билдирүүчү кнопкасын баскан. Мындан улам эки жылдыздын ортосунда дагы пикир келишпестиктер болгону айтылууда.

Зарылбек Аликеновду калыстар анда “сахнага даярдыгы жок келдиң” деген таризде узатышкан.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости