Актердун мурунку аялы Башаровдун калпын ачыкка чыгарды

Актердун мурунку аялы Башаровдун калпын ачыкка чыгарды

Орусиянын белгилүү актеру Марат Башаровдун мурунку аялы Елизавета Шевыркова актер менен кайра бирге деген маалыматты четке кагып, мындан ары жарашууга мүмкүнчүлүк берберин айтты. Бул тууралуу “СтарХит” сайты билдирди.

“Биз экөөбүз чоогу жашабайбыз жана чоогу да эс албайбыз. Мүмкүн, Марат өзү айткандай болуусун каалап жаткандыр. Бирок, мен мындан ары ага бир да мүмүкүнчүлүк бербейм…”,-дейт актердун мурунку аялы.

Шевыркованын айтымында, ал жашоосунда башка адамга жолуга элек. Ал Башаров экөөнүн баласы менен жолугуп, алимент төлөгөнгө мажбурлабаса дагы акча жактан жардам берип турат.

2016-жылы Башаров менен Шевыркованын ортосунда уул төрөлггөн. Алар 2017-жылы расмий түрдө никеге турушкан. 2018-жылы декабрда Шевыркова актер ага кол салганын маалымдаган жана ММКларда мурдунан жаракат алган тактама кагазынын сүрөтү жарыяланган.

2019-жылы февраль айында Шевыркова никесин жокко чыгаруу боюнча арызы менен кайрылган. Актер өзү ажырашуу тууралуу эч кандай маалыматы жок экенин билдирген. Башында жубайы экөөнүн ортосунда эч кандай көйгөй жок экенин жана экөө бирге жашап жатканын айткан.

Белгилей кетсек, Башаровдун экинчи аялы Екатерина Архарова дагы күйөсү тарабынан сабалганын айткан.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости