Өмүрбек Назаралиев, актер: "Энелик бакытты жалпыңарга буйрусун демекчимин"

Өмүрбек Назаралиев, актер: "Энелик бакытты жалпыңарга буйрусун демекчимин"

Мен дегеле жалпы аял затын куттуктоонун алдында энелик бакытты жалпыңарга буйрусун демекчимин. Себеби аял затына мындан өткөн бакыт болбосо керек деген ойдомун. Энени сыйлоо, урматтоо боюнча пайгамбарыбыз насаатында: “ Биринчи энени сыйла, экинчи энеңди сыйла, үчүнчү энеңди сыйла, анан атаңды сыйла ” деген экен.

Ошондуктан, энелерди эч нерсеге алмаштырбай керек болсо, эненин таманын алдында бейиш делет. Мен энемди дегеле аял затын сыйлаймын дегендерге ушул сөз эле жетиштүү болсо керек. Алгачкы белегимди апама арнадым. Андыктан баарыңыздарды апаларды сыйлоого чакырамын. Улуу Урматтуу аял заты майрамыңыздар менен куттуктаймын!

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости