Кыргызстанда бүгүн Ата-Мекенди коргоочулар күнү

Кыргызстанда бүгүн Ата-Мекенди коргоочулар күнү

Кыргызстанда бүгүн Мекенди коргоочулар күнү белгиленет.
Майрамга карата өлкөдө дем алыш жарыяланган.

23-февраль — Совет доорунда Кызыл армиянын негизделген күнү катары майрамдалып келген.

Кыргызстан эгемендик алган жылдардын башында бул күн майрамдардын тизмесинен чыгарылган.

2003-жылдан тарта кайрадан жылнаамада кызыл менен белгилене баштаган.

Кыргызстандын мырзаларын NazarNews.kg cайты аталган майрам менен чын жүрөктөн куттуктайбыз. Силерге чын ден соолук, узун өмүр жана иштериңерге ийгилик каалайбыз!

Аталардын үйдө орду чоң. "Атаны сыйлаган зор болот, атаны сыйлабаган кор болот" — деген макал бекеринен айтылбаса керек, андыктан ата, байке, ини, жоро-жолдошторубузду сыйлайлы. Бир жылда бир келген майрамыңар менен урматтуу мырзалар.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости