Куудул Тынар Курбаналиев кубанычын кабарлады

Куудул Тынар Курбаналиев кубанычын кабарлады

Азыркы куудулдардын ичинен сатираны ийинине чейин аткарган, бакыраң көз, кара каштуу “өзбек чырай” Тынар Курбаналиев – өзүнүн ютуб каналындагы катталуучулардын жана көрүүлөрдүн саны үчүн YouTube каналынын “күмүш” баскычына ээ болду. Бул тууралуу малыматты NazarNews.kgге куудул Тынар Курбаналиев кабарлады.

—“Бул сыйлык менин жеке эмгегим эмес, мени сыйлаган күйөрмандарымдын баарына рахмат. Америкадан Тынар Курбаналиев деп ачылган ютуб каналдан “күмүш” баскычын алдым. Ушундай баскычтарды менин чыгармачыл досторума да Кудай насип этсин. Кийинки алтын баскычка да ээ бололу”, деди Тынар Курбаналиев.

Эске сала кетсек, Тынар Курбаналиев башка куудулдардан айрымаланып саясаттагы ачуу айталбаган чындыкты баса белгилеп келген. Ачуу чындык менен тилинин кесепетинен саясый куугунтукка дагы алынган эле.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости