Зиядин Жамалдинов ЖК депутаты: "Шайлоо босого чегин 7%га түшүрүү туура болот"

Зиядин Жамалдинов ЖК депутаты:

Вице-премьер-министрлик бошогон кызматка Баткендин губернатору болуп иштеп келген Акрам Мадумаровдун талапкерлигин парламент колдоп берди. Бул орунга алгач эки кишинин: Өмүрбек Суваналиевдин жана Акрам Мадумаровдун, ал эми соцтармактарда эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоровдун аттары аталып жаткан. “Өз арызынын негизинде Жеңиш Разаковдун отставкага кетишин алдыга бир кадам, а бирок, анын ордуна Акрам Мадумаровдун келиши эки кадам артка кетүү болду” деп чыгышты айрымдар. Мадумаровго токтолууга кандай себептер негиз болду, ал жооптуу ишти алып бара алабы? Бул суроо айрым депутаттарды да таңкалтырууда.

— Зиядин мырза, Жеңиш Разаков үй-бүлөлүк шартка байланыштуу кызматын тапшырып кеткенин айтты. Бирок, анын кетишин талап кылган сындар акыркы убактарда күчөп кетти эле. Анын кетишине ошол себеп болдубу?

— Иштей албагандыктан кетсе керек да. Көптөн бери ага сындар көп айтылып жатты. Өкмөт убагында алмаштырыш керек эле. Бир чети, эки-үч күн сайын өкмөттө кадр кете бергени жакшы эмес. Бул өкмөт келген эки жылда бир нече курам жаңыланды. Мунун баары ишке тоскоол болот.

— Вице-премьердин алмашуусу чек ара маселесине кандайдыр бир таасирин тийгизбейби? Жеке сиз анын бул кызматка келишин кандай кабыл алдыңыз?

— Кадр алмашуу ишке таасирин тийгизбей койбойт. Аскаровду алмаштырып, ордуна Асрандиевди койгондо, өкмөт башчы Абылгазиев так айтты, “эки вицеге милдеттерди бөлүштүрүп жатабыз. Эми ЕАЭБ боюнча Асрандиев жоопкерчилик алат, укук коргоо органдарына жана чек арага Разаков жооп берет” деген. Демек, Разаковдун ордуна келген Мадумаровдун негизги иши чек ара боюнча болот. Ал эми Мадумаровдун талапкерлигин көпчүлүк депутаттар колдоду. Ишке киришкенде эле кандай иштээри билинет. Көрөбүз.

— Мадумаров эмнелерге көңүл буруш керек деп эсептейсиз?

— Чек арага катуу болуш керек. Ал жерде чечүүнүн негизги рычагдары бар. Бирок, эмнегедир өкмөт ал мүмкүнчүлүктөрдү колдонбой келет, мен ушуга түшүнбөйм. Өткөндө чек ара маселеси боюнча жабык жыйын болуп, ошондо да ушуну айтканбыз, “макул, көтөрөбүз” дешет да, барганда ошону кайра эле колдонушпайт. Бул жерде эмне мандем бар экени таңкалтырат. Баткен элине тынчтык кааласак, шарттарды түзүп бериш керекпиз, аларга туруктуулукту камсыздап берүүбуз зарыл. Мадумаров күнү-түнү иштеп, чек арага бекем туруп, чечиш керек. Ошондо элге жагат. Проблеманы канчалык эрте чечсе, ошончолук ишине “жакшы”, же “начар” деген баа берилет. Анын иш алып кетүүсү өкмөт үчүн да, мамлекет үчүн да чоң утуш болот.

— Шайлоо босогосун 7%га түшүрүүнү демилгелеген депутаттардын бирисиз. Эмнени эске алдыңыздар?

— Шайлоо босогосун түшүрүү керектигин коомчулук абдан кызуу талкуулады. Тегерек үстөлдөр өтүп, сунуштар арбын айтылды. Алар көңүл сыртында калбашы керек. Биз үчүн 9% чынында көп. Демилге көтөрдүк. Босого чекти 7%га түшүрүү туура чечим болот деп ойлойм. Керек болсо 5%га түшүрсөк болмок. Анткени, эл, шайлоочулар колдогон адамдары депутат болуп келишин каалайт.

— Мыйзам кабыл алынуу үчүн канча убакыт жана кандай процедуралардан өтүү калды?

— Азыр мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Эрежеси менен Жогорку Кеңешке келет. Пленардык залда депутаттар колдосо, президент кол коюп, мыйзам кабыл алынат.

Динар Турдугулова

Булак: «АЗИЯnews»

Назар Новости