Жылдыз Жолдошова, коомдук ишмер: "Өкмөт менен Парламентке ичим чыкпайт"

Жылдыз Жолдошова, коомдук ишмер:

— Жылдыз айым, бүгүнкү күндөгү Кыргызстандагы саясый-экономикалык абалга кандай баа бересиз?

— Кыргызстандагы саясый абал мындай карасаң стабилдүүлүктү камсыз кылып тургандай. Ошол эле учурда стабилдүүлүккө доо кетире турган 10 маселе бар. Ошол 10 маселени бийлик чечиш керек. Кайсы маселе экенине кийинчерээк токтолом, такталып атат… Ал эми экономикалык абал өтө оорлошуп кетти. Анткени финансы, экономикалык кризис бир эле биздин өлкөдө эмес, башка өлкөлөрдө да бул маселе катуу турат. А биздин өлкөдө өтө эле оор. Ачыгын айтыш керек, биздин мамлекетте, тилекке каршы, өч алуу айлампасынан чыга албагандыктан, туруктуу абалга эч ким кепилдик бере албайт. Инвесторлор тынч, чыры жок, ынтымагы бар жерге келет, акчаларын салышат. Инвестициясыз бир да кадам алдыга жыла албайбыз. Мына ушуну азыркы бийлик сезбей жатат.

— Парлаементтик шайлоого эмитен камылга кылып аткан саясый партиялар жок эмес. «Аалам» партиясынын теңтөрагасы катары шайлоого даярдыктар кандай?

— Биз “Аалам”, “Бүтүн Кыргызстан”, “Ар-намыс” саясый үч партия биригип, мыйзамдуу шайлоо боюнча өзгөртүү киргизген элек. Президенттик администрация, парламент, ошондой эле өкмөт ушул маселелерге көңүл бурган жок. Шайлоо кодексин түп-тамырынан бери өзгөртпөсө, акыйкат, адилет шайлоо болоруна эч ким кепилдик бере албайт. А парламент кечикти…

— Өкмөт алдындагы министрликтердин кайсынысы ичиңиз чыкпайт, себептери?

— Өкмөт аракет жасап, иштеп аткандай эле болууда. Бирок, бир маселени аягына чыгарып, натыйжасын элге даана көрсөтө алышпай, коомчулуктун ичи чыкпай жатканы жанды кейитип атат. Ошол эле чек ара маселеси, кайра-кайра чыр болууда. 2018-жылы ушул көйгөй боюнча орозонун бүтөрүнө 10 күн калганда өз оюмду “бул маселени азыр чечкиле, болбосо жакшылыкка алып келбейт” деп катуу айттым эле. Анда да, азыр да бири-бирин укпай жатышат. Эң орчундуу кыргыз-тажик маселеси болууда. Муну өкмөт чечпегенден кийин ичим чыкпаганы ошол. Калган министрликтерде деле көптөгөн маселелер бар. Аларды санап отурса сан, атап отурса алым жетпейт, “кайда барба, Мамайдын көрү” дегендей эле абал.

— Парламенттеги депутаттардын ишмердүүлүгү сизди ынандырабы? Ынандырбаса эмне үчүн?

— Парламенттеги депутаттардын бир бөлүгүнө мен эле эмес, бүтүндөй кыргыз эли, коомчулугу канааттанбайт (!) десем жаңылышпайм. Парламент – эл өкүлү. Элдин мүдөөсүн аткара турган ачык-айкын жыйын. Мына ушул улуу парламенттин трибунасынан айныксыз фактыны бетке кармап, бийликтин көзүн чукуп туруп, акыйкат чындыкты айта турган депутаттарыбыз өтө аз, колдогу беш манжадан ашпайт. Бийлик өзү элдин колунда. Андыктан эл өкүлдөрү абдан күчтүү болуш керек. Коомчулуктун, мамлекеттин камын ойлошу абзел. Кайсы өлкө болбосун президентсиз жашаса болот. Бирок, бир да мамлекет парламентсиз өз ишин тийешелүү деңгээлде уланта албайт. Парламент – эбегейсиз саясый күч. Биздин 5-чакырылыш абдан күчтүү инсандардан турган экен. Оор мезгилде ошол эле Апрель жана Июнь окуясынан кийин келип, көптөгөн талаш-тартыш болгон, ошого карабастан жакшы иштеп бериппиз. Бул менин эле эмес, элдин айтуусу. Анткен менен а дейбизби, бу дейбизби, бүгүнкү парламентке аз эле убакыт калды. Салыштырмалуу “Легендарлуу парламент” менен 5-чакырылыштагы депутаттардын ишмердүүлүгү кыйла эле жогору болуп, азыркылар аларга караандашкан жок.

Сурат Жылкычиев

Булак: «NazarNews.kg

Назар Новости