Журналист президенттин кызын эне тилинде сүйлөөгө чакырды

Журналист президенттин кызын эне тилинде сүйлөөгө чакырды

Өзбекстандык журналист Абдукодир Муминов Президент Шавкат Мирзиёевдин кызы Саида Мирзиёеваны өзбек тилинде сүйлөп, интервью берүүгө чакырды. Бул тууралуу өзбек басылмалары жазып чыкты.

“Жакында Саида Мирзиёева жергиликтүү жана чет өлкөлүк массалык маалымат каражаттарына интервью берет. Бирок, кайсы тилде? Орус тилиндеби же өзбек тилиндеби? Интервью өзбек тилинде болсо, өзбекистандыктарды бириктирмек”,- деп билдирген журналист.

Буга кошумча, дагы бир өзбек журналисти Каримберди Тураморуд «президенттин кызы өзбек тилинде сүйлөп койсо эле, айылда жашаган элдин дастарконуна эт өзү келип түшүп калбайт»,- деген пикирин айткан.
Булак: NazarNews.kg

Назар Новости