Жолдошум канткенде иштейт? Ага шык берип жакшы жолго салууга мүмкүнбү?

Жолдошум канткенде иштейт? Ага шык берип жакшы жолго салууга мүмкүнбү?

— Мен 25 жаштамын, турмушка чыкканыма болгону 3 жыл болду. Башында жолдошум иштермандай эле сезилген. Кыздуу болгонго чейин экөөбүз тең иштеп турмуштун кыйынчылыгын көп көргөн жокпуз. Мен декреттик эс алууга чыгып үйдө отуруп калгандан баштап жолдошум да айныды.

Ар кайсыны шылтоо кылып улам жумушунан чыгып алат, жаңы жумуш тапканга чейин көпкө бош жүрүп калат. Ал убакыт аралыгында акчадан абдан кыйналабыз. Үйдө болгон кезде да кызыбызды карашып, үй иштерине жардамдашса жакшы го, эч нерсе кылбайт. Атүгүл үйдө ал жасай турган эркектин иштерин да мен жасайм. Мени баарынан кыжырлантканы – кемчиликтери тууралуу таптакыр уккусу келбейт, сынды абдан оор көтөрөт. Ага карабай өзүм иштей берейин десем, кызыма болгону 10 ай болду.

Абдан ыйлаак, колумдан түшпөйт. Башында экөөбүздүн иштеп үй алабыз, машина алабыз, балдарыбызды жакшы мектептерден окутабыз деген максаттарыбыз бар эле. Минтип отурса анын баары кыял бойдон калабы деп корком. Бирок жолдошумду абдан сүйөм, ошондуктан ажырашуу таптакыр оюмда жок.

Тескерисинче, аны өзгөрткүм келет. Бирок кантип? Ага шык берип жакшы жолго салууга мүмкүнбү?

Булак: Lady.kg

Назар Новости