Жигит кызына үйлөнбөш үчүн кылмышка барды
Борбордук Азия жаңылыктары  |   |  1016

Үйлөнүүдөн качкан Шанхайдын тургуну уурулук кылып, полицияга түрмөгө отургусу келип жатканын билдирген. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, бий студиясынан баасы 2 миң юан турган (17,5 миң сом) Bluetooth динамикасын уурдап, ошол эле жерден кармалган.

“Мен бул кадамга бир аз убакытка сүйлөшкөн кызыман алысыраак, жалгыз калгым келди”,- деп кылмышкер билдирген.

Кармалгандын айтымына караганда, мындай идеяны ал уурулук кесепеттери жөнүндө эскертүү плакатынан алган.

Булак: NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями