Жеңишбек Жумакадыр: Аялга: 24 саат бою сени ойлодум десең, калган убакытта кимди ойлодуң дейт

Жеңишбек Жумакадыр: Аялга: 24 саат бою сени ойлодум десең, калган убакытта кимди ойлодуң дейт

Төкмө акын Жеңишбек Жумакадыр 8-март аялдардын Эл аралык майрамы менен куттуктады.

Аялдар көп сүйлөй турганчалык убакытын унчукпай өткөрсө, анда эркектер баардык бакытын колдон кетириптир дегендик. ?

Аялзатын менчелик түшүнгөн жан болбосо керек. Себеби мен да алар жөнүндө эч нерсе түшүнбөйм. ?

Эң сүйүктүү аял-күйөөсүн багымдатка ойготкон аял. ?

Эң жаман эркек- аялын чапкан эркек. ?

Бир аялдын пикирин оңдойм десең, анын пикирин колдошуң керек. ?

Бейиште кезинде эле Обо энебиз, Адам атабыздын кабыргасын күндө санайт. Себебин сураса, Кудайым мага окшош дагы бирөөнү жаратып койбоду бекен деп кызганчу экен. ?

Аялдар бир нерсе болсо дароо ыйлап киришет. Кызыгы эч нерсе болбосо деле ыйлашат. ?

Аялды тепкенге бир гана курсагындагы наристенин акысы бар. ?Аял баарысын кечирет.

Бирок эч качан унутпайт. ?Алла Таала даанышмандыкты, аялдын жүрөгүнө койгон.

Анткени аялдын даанышмандыгынан чыккан жемиштери, мээрим менен сүйүүгө жуурулушкан. ?

Дүйнөнүн эң сулуу аялзаты турмушка чыккандан кийин катардагы эле жөнөкөй аялдардын ордун толуктайт. ?

Адаттагыдай эле, кызыксыз эркектин артында керемет бир аялзаты бар. ?

— Аялдар болбосо эркектер эмне болмок эле?

-Кудай сактасын дефицит болмок, дефицит. ?

Асмандын жарымын аялдар көтөрүп жүрүшөт. ?

Аял сырдуу китеп сыяктуу. Эми окуп бүттүм десең жаңы барагы башталат.

?Аялдар эркекке айта тургандарын көз менен айтышат. ?

Жеңилбес хандардын, баатырлардын аянычтуу жеңилүү ызаасынын автору аялдар болушкан.

?Аялзаты энеге айланганда, андан күчтүү эч ким болбос. ?

Бир өлкөнү бир падыша башкарат. Падышаны болсо бир аял. ?

Эгер аялдар болбогондо, дүйнөдө акчанын эч бир баркы калбайт эле. ?

Аялга: 24 саат бою сени ойлодум десең, калган убакытта кимди ойлодуң дейт.

Топтогон Жеңишбек Жумакадыр

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости