Жээнбеков баткен облусунун тургундары менен жолугушуу өткөрүп жатат

Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 11-мартта, Баткен облусуна болгон иш сапарынын экинчи күнүндө Исфана шаарында Лейлек районунун жана Сүлүктү шаарынын тургундары менен жолугушуу өткөрүүдө. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Ал аймактарды өнүктүрүүнүн мамлекеттик саясатын ишке ашыруу боюнча негизги багыттар тууралуу айтып берди. Анда өлкөнүн инвестициялык климатын жакшыртуу, жер-жерлерде ишкерликти, айыл чарба товарларын өндүрүүчүлөрдү колдоо, салык жана бажы органдарынын ишин автоматташтыруу, ата мекендик экспорттук потенциалды кеңейтүү чараларына кеңири токтолду.

Мындан сырткары, Сооронбай Жээнбеков чек ара маселелерин чечүү, чек ара коопсуздугун жогорулатуу, ирригациялык, калкты таза суу менен камсыздоо, энергетика, саламаттыкты сактоо, билим берүү жана башка тармактардагы долбоорлорду жүзөгө ашыруу боюнча чаралар жөнүндө айтып берди.

Ошону менен катар 2020-жылды Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы деп жарыялоо жөнүндө Жарлыктын максаттары жана милдеттери, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо, сот-укуктук реформа, коррупция менен күрөшүү, укук коргоо органдарын реформалоо, Куралдуу күчтөрдүн жөндөмдүүлүгүн арттыруу, ошондой эле өлкөнүн тышкы саясатынын негизги багыттарын ишке ашыруу чараларына кеңири токтолду.

Жергиликтүү эл менен жолугушуу суроо-жооп форматында уланып жатат.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости