Жээнбеков: Ирригация түйүндөрүн кеңейтүү боюнча долбоорлор — улуттук долбоорлор

Жээнбеков: Ирригация түйүндөрүн кеңейтүү боюнча долбоорлор — улуттук долбоорлор

Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 11-мартта Исфана шаарында Лейлек районунун жана Сүлүктү шаарынын тургундары менен жолугушууда. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Ошондой эле Мамлекет башчысы ирригацияны өнүктүрүү жалпы өлкөдө жаңы жумуш орундарын түзүүгө, жаңы сугат жерлерин өздөштүрүүгө, миграция агымын кыскартууга өбөлгө болооруна токтолду.

«Ирригация түйүндөрүн кеңейтүү — бул келечекте өсүп келаткан муунга багытталган улуттук долбоор. Бардык ирригациялык долбоорлордун ичинен 45%ы Баткен облусунда ишке ашырылууда», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Президент улуттук долбоорлорду ишке ашыруу процессине өнүктүрүү жаатындагы эл аралык өнөктөштөрдү тартуу багытында активдүү иштер жүрүп жаткандыгын кошумчалады.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости