СҮРӨТ — Жээнбеков Исфана шаарындагы Исхак Раззаковдун музейине барды

СҮРӨТ - Жээнбеков Исфана шаарындагы Исхак Раззаковдун музейине барды

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 11-мартта Баткен облусуна болгон иш сапарынын экинчи күнүндө Исфана шаарындагы 1990-жылы ачылган көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Исхак Раззаковдун мемориалдык үй-музейине барды. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы музейдин экспонаттарын көрүп чыгып, меймандар китебинде кол жазмасын калтырды.

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын мамлекеттүүлүгүн бекемдөөдө жана социалдык-экономикалык өнүгүшүндө Исхак Раззаковдун өзгөчө ордун баса белгиледи. Үстүбүздөгү жылы Исхак Раззаковдун 110 жылдыгынын алкагында иш-чаралар жогорку улуттук деңгээлде өткөрүлө тургандыгын билдирди.

Эске салсак, 2020-жылдын январь айында Мамлекет башчысы «Исхак Раззаковдун 110 жылдыгын майрамдоо жөнүндө» Жарлыкка кол койгон. Өлкөнүн Өкмөтү тарабынан мааракелик иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети түзүлгөн.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости