Жээнбеков: Чек ара маселелери жергиликтүү элдин пикирлерин эске алуу менен чечилиши керек

Жээнбеков: Чек ара маселелери жергиликтүү элдин пикирлерин эске алуу менен чечилиши керек

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 11-мартта, Баткен облусунун Лейлек районунун жана Сүлүктү шаарынын тургундары менен жолугушууда. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы эгемендик алгандан бери мурдагы Советтер Союзуна кирген дээрлик бардык өлкөлөрдө чек ара көйгөйлөрү жаралганын билдирди.

Чек ара маселелерин чечүүнүн үч жолу бар экенин белгиледи.

Биринчиси — маселени чечпей, тим коюу. Экинчиси — маселени күч менен чечүү, качан эки тарап бири-бирине компромисске барбай, согуштук конфликт жолу менен чечилиши. Үчүнчүсү — маселени сүйлөшүү жолу менен чечүү.

Сооронбай Жээнбеков акыркы жылдарда бул багытта тажик тарап менен сүйлөшүүлөр жандандырылып, активдешкенин эске салды.

«Бардык көйгөйлөр жергиликтүү элдин пикирлерин эске алуу менен чечилиши керек. Чек аранын бекемдиги — армиянын күчү менен гана эмес, ушул жерде жашаган элдин эрки, кичи мекенине болгон патриоттук мамилеси менен өлчөнөт. Албетте, сүйлөшүү процесси убакытты талап кылат жана кыска мөөнөттө эле бүтө калбайт. Андыктан, бизден акыл-эстүүлүк гана эмес, сабырдуулук да талап кылынат», — деп баса белгиледи Президент.

Мамлекет башчысы баткендиктерди кырдаалды курчутуу үчүн гана пайда боло калып, кайра жок болуп кеткен, Баткен облусу менен эч кандай байланышы болбогон ар кандай кызыкдар тараптардын чагымчылдыгына алдырбоого чакырды. Жыйынтыгында көйгөйлөрдүн залакасын ушул эле чек ара райондорунун карапайым эли тартып калууда.

Сооронбай Жээнбеков өз ишмердүүлүгүндө Баткен облусу өзгөчө маанилүү экенин дагы бир жолу баса белгиледи. Чек ара аймактарынын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө мындан ары дагы көңүл бурулаарына ишендирип өттү.

«Мен үчүн өлкөбүздүн ар бир аймагы чоң мааниге ээ. Баткен болсо менин жүрөгүмдө өзгөчө орунду ээлейт», — деп сөзүн жыйынтыктады Президент Сооронбай Жээнбеков.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости