Жактоочу Канат Хасанов Садыр Жапаровдун Кайрылуусун тастыктады

Жактоочу Канат Хасанов Садыр Жапаровдун Кайрылуусун тастыктады

Бүгүн, 1-мартта эртең менен учурда камакта жаткан Садыр Жапаровдун кыргыз элине болгон Кайрылуусу чыккан.

Кайрылууда:

“Урматтуу кыргызстандыктар!

Менин сиздерге кайрылуумдун себеби төмөнкүчө:

Мага сырттан жолугушууга келген адвокаттарым жана жакын туугандарым, 2-март күнү Бишкек шаарына жалпы эл республикабыздын бардык аймактарынан келип, ар түрдүү талаптар менен митингге чыкканы турушат деген маалымат берип жатышат.

Талаптардын арасында менин боштондугум да бар экен. Эгер менин боштондугум үчүн чыкканы жатсаңыздар, анда мен тарапташтарыма кайрылуу жасаймын: Эл чогулган жерде провокаторлор болуп, ызы-чуу чыгып кетиши мүмкүн. Азыр Кыргызстаныбызга ызы-чуунун кереги жок.

Мага жеткен маалыматтар боюнча провокаторлор даярдалып, жыйналышты башка нукка буруп кетүүчү күчтөр пайда болуптур. Ошондуктан, мен үчүн чыкпай эле коюңуздар деп, тарапташтарымдан суранып кетет элем.

Аман болсом Кудай буюрган күнү чыгам. Азыр мыйзам талаасында сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Урматым менен С.Жапаров”, деп жазылган.

Тилекке каршы аталган Кайрылуу социалдык тармактарда ишенбөөчүлүк жаратып, кызуу талкууга алынууда.

Жактоочу Канат Хасанов, “Урматуу достор, мекендештер! Мен азыр Садыр Жапаров менен байланыштым, бул кат боюнча сурадым ал байке тастыктап берди! Урматтуу Кыргыз элим биримдик күчүн көрсөттүңөр, сиздерге чоң ыраазычылык! Эми, Иссык-Көлдүк достор жердештер эми көлдүктөрдүн мыйзамды сыйлаганын көргөзөлү!”- деген билдирүүнү өзүнүн социалдык тармагы аркылуу билдирди.

Эске сала кетсек, Кумтөр маселесине байланыштуу өкмөткө каршы чакырыктары менен белгилүү болгон Садыр Жапаров «2013-жылы Караколдо митинг уюштуруп, Ысык-Көлдүн ошол кездеги губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алган» деген айыптын негизинде 2017-жылдын март айында камакка алынган. 2018-жылы июнь айында 11 жыл алты айга кесилген.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости