Жагымдуу кабар! 2020-жылы Бишкектин 25 көчөсүндө тротуарлар жаңыланат. Тизме

Жагымдуу кабар! 2020-жылы Бишкектин 25 көчөсүндө тротуарлар жаңыланат. Тизме

2020-жылы Бишкек шаары боюнча 25 көчөдө тротуарлар оңдолот. Анын жалпы өлчөмү 80 миң 515 чарчы метрди түзөт. Кайсыл көчөдө жол жээгиндеги тротуарлар оңдоло тургандыгын жергиликтүү бийлик, тургундар коомдук талкууда чечип, бир чечимге келишкен.

Айтсак, Ленин району боюнча 4 көчөдө тротуарлар жаңыланат. Алар: Москва, Тагай-Бий, Манас проспектиси, Чүй, Ахунбаев, Бакаев, Садырбаев көчөлөрүн камтыйт.

Октябрь району боюнча 7 көчөдө иштер жүрөт. Ал: 7-Апрель, Байтик баатыр, Медеров, Элебаев, Юнусалиев, Токомбаев, Каралаев көчөлөрүн камтыйт.

Биринчи май району боюнча ремонттук иштер М.Ганди, Жибек Жолу, Панфилов, Тоголок Молдо, Ч.Айтматов проспектилери жана Свердлов районунда Чүй, Лермонтов, Курманжан Датка, Гоголь көчөлөрүнүн тротуарларында ремонттук иштер жүрөт.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости