Ырчы Фарида Карбосованы жигити өзгөрттү

Ырчы Фарида Карбосованы жигити өзгөрттү

Таластан чыккан ырчы айым Фарида Карбосова бизнеске кызуу киришип, чыгармачылык тыныгууга чыккан соң абдан келишимдүү, сулуу болуп кеткен. Жаз гүлүндөй ачыла түшкөн Фарида айым өзүнүн теңин таап, учурда кыргыздын бычакка сап жигиттеринин бири менен сүйүү мамилесин куруп, абдан сулуу болуп кетиптир. Аялзатына канчалык кам көрүп сүйсөң, мына ошончолук ажары ачылат деген кептин чындыгы бар. Отуздан ашкан ырчы айым бул жылы турмуш жолуна аттанып, бактысын тапса баарыбыз кубанчудайбыз!

Аруужан Булекбаева, NazarNews.kg

Назар Новости