ЫРЧЫ ЭЙКОН ӨЗҮНҮН ЭЙКОН-ШААРЫН КУРА ТУРГАН БОЛДУ

ЫРЧЫ ЭЙКОН ӨЗҮНҮН ЭЙКОН-ШААРЫН КУРА ТУРГАН БОЛДУ

Америкалык реп ырчы Эйкон, Сенегал өлкөсүнүн президентти белек кылган 809 гектар жерге шаар курмай болду. Учурда жергиликтүү бийлик менен тиешелүү келишимдерге кол коюулуп, шаардын долбоору даярдалып жатканын ырчы Твиттердеги баракчасында кезеги менен жарыялоодо.

Анда айтылгандай, шаардын курулушун 2025-жылга бүткөрү каралган. План боюнча ал “Эйкон-сити” калаасы толук бойдон жаңыланып туруучу энергиянын булагы менен камсыздалат. Негизги колдоно туруучу каражат – күндүн энергиясы. Аны реперге тиешелүү «Akon Lighting Africa” жеке компаниясы көзөмөлдөй турганы белгиленет.

Ошондой эле Эйкон-ситинин экономикасы, жеке AKoin криптовалютасы менен иштей турган болду. Бул ыкма кийинчерээк баардык Африка өлкөсүндө колдонула турганына репер бекем ишенет. Анын болжолунда Akoin экосистемасы аркылуу — кредит алууга же мамлекеттик жана башка кызмат акыларын төлөөгө мүмкүн болот.

Белгилей кетсек, Эйкон бул ири планы туурасында 2018-жылы, “Канндык Арстан” жарнама фестивалында көпчүлүккө жарыялаган. Эми ал долбоорду иш жүзүнө ашыруу үчүн тиешелүү келишимдерге кол коюулуп жатканы, ал кыялдарына бир кадам жакындады десе болот.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости