Выбирай не выбирай – всё равно народ Шордуубай.

 Выбирай не выбирай – всё равно народ Шордуубай...

Ошентип шайлоонун шаңы башталды. Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү президенттик шайлоодогу чыгымдардын жалпы сметасын 671 миллион 502 миң сом деп бекитти. Бул каражаттын болжол менен 538,8 миллион сому биринчи тур үчүн, калган 132,6 миллион сому экинчи тур үчүн каралды.

Жогорку Кеңеш, 2017-жылдын 15-октябрында президенттик шайлоону өткөрүү боюнча токтом кабыл алды.

БШК билдирүүсүнө таянсак президенттикке талапкерлер 1-августка чейин өздөрүн сунуштайт. 10-сентябрда талапкерлердин тизмеси расмий жарыя болот. Ошол эле күнү мактоо-данктоо, үгүт иштери башталып, салюттар атылып, президенттикке талапкерлер элдерге кезектеги “лапшаларын” илет. 14-октябрда үгүт иштери аяктайт.

15-октябрда Кыргызстан эли өзүнүн жаңы президентине добушун берет. Кыргыз эли адаттагыдай добушун акчага сатат. Акчага добушун сатып келген президент Ак үйгө кирип алгандан кийин өзү менен өзү алек болот. Элдер жөнөкөй көйгөйүн чече албай баягыдай Ак үйдүн алдында митинг өткөрүп кыйкырып жүрө беришет. Журналист Авланбек Жумабаев айткандай, “Выбирай не выбирай – всё равно народ Шордуубай”…

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости