ВИДЕО — Жогорку Кеңештин экс-спикери: Элдин баары президентке даттангандыгы туура эмес

ВИДЕО - Жогорку Кеңештин экс-спикери: Элдин баары президентке даттангандыгы туура эмес

Жогорку Кеңештин биринчи чакырылышынын төрагасы Мукар Чолпонбаев митинг, пикеттер аркылуу кимдир бирөөнү абактан боштондукка чыгарып алуу мүмкүн эмеc экендигин билдирди.

Ошол эле маалда ал соттордун ишине байланышкан ар кыл маселе, көйгөйлөр даттануучулар тарабынан президенттин атына кат иретинде жазылып жаткандыгын туура эмес көрүнүш дейт. Себеби, сот системасы — бийликтин өз алдынча, көз карандысыз бутагы. Ал эми экономикага байланышкан маселелер бир гана өкмөттүн ыйгарым укугунда болушу керек экендигин айтат Чолпонбаев. Бирок, өкмтөттүн, парламенттин, сот бийлигинин жоопкерчилиги төмөн болгондон улам, ошол эле маалда президент гана эл тарабынан шайланып келгендиктен, жарандар президентке кайрылууга туура келип жатат, — дейт Жогорку Кеңештин экс-спикери.

Булак:NazarNews.kg

Назар Новости