ВИДЕО — Жеңиш Разаков түшүнүк катты моюндады. Курсан Асанов менен конфликтиси жок

ВИДЕО - Жеңиш Разаков түшүнүк катты моюндады. Курсан Асанов менен конфликтиси жок

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков интернетке жүктөлгөн Тажикстандын коопсуздук кызматында 3 күн кармалып келгени боюнча жазып берген түшүнүк кат ага таандык экендигин моюндады. Андан сырткары, ал бул боюнча убагында ЖМКда сөз козголуп, Жогорку Кеңеште талкуу болгондон кийин УКМКга жагдайды текшерип берүү үчүн өзү арыз жазгандыгын айтты. Себеби, коом арасында вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Тажикстандын атайын кызматына тиешеси бар дегендер чыккан. Кийин УКМК бул имиштердин үстүнөн текшерүү жүргүзүп, Разаков башка өлкөнүн атайын кызматы менен байланышы жок экендигин маалымдаган.

Андан сырткары, Разаков “Чындык КейДжи” сайтынын редактору эмне себептен кармалгандыгы тууралуу маалымдар эмес жана Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов менен конфликтиси, талашып-тартышкан маселеси жок экендигин кошумчалады.

Белгилей кетсек, буга чейин “Чындык КейДжи” сайтынын редактору Турсунбек Бейшенбеков камакка алынып, ага кызматынан кыянаттык менен пайдалануу жана кылмыш тууралуу алдын ала жалган маалымат таратуу беренелери боюнча айыпталып жаткан. Бүгүн журналист үй камагына чыккандыгы белгилүү болду.

Айрым такталбаган маалыматтар боюнча журналистке ИИМдин мурдагы орун басары Курсан Асанов Жеңиш Разаковдун 2010-жылы Тажикстандын коопсуздук кызматында 3 күн кармалып келгени боюнча түшүнүк катын аычктагандыгы айтылууда.

https://www.youtube.com/watch?v=Pya_uouMffY

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости