ВИДЕО-Жашыл түстөгү суу Аламүдүн дарыясында эмес, Ала-Арча суусунда акканбы?!

ВИДЕО-Жашыл түстөгү суу Аламүдүн дарыясында эмес, Ала-Арча суусунда акканбы?!

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына таянсак, суудан анализ жасоо үчүн үлгү алынды. Суунун жээгинде балык, канаттуулардын өлгөнү байкалбаганы айтылды. Дарыянын жээгин иликтөө иштеринин жүрүшү улантылууда. Адистердин айтымында анализдин жыйынтыгынын негизинде натыйжасы айтылат.

Эске сала кетсек, 29-февралда Фейсбук социалдык тармагында Бишкектин четинде жашыл суу агып жатат деген видео тараган. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясы билдирүү таратып:

“Абайлаңыздар, фейк! Аламүдүн суусу таза! Ардактуу шаардыктар, социалдык түйүндөрүндө Аламүдүн суусу жашыл түскө боёлгон видео боюнча маалымат:
«Биз видео тартылган жерди аныктадык- бул “Дордой” жана “Энесай” конуштарынын ортосунун аккан Аламүдүн суусу.
ТСЖ, квартал башчылары, үй комитеттери жана конуш тургандары сууда эч кандай жашыл боёк жоктугун тастыкташты.
Район жетекчиси Мурат Осмоновдун айтымында суу таза жана видеодогу маалымат чындыкка дал келбейт. Милиция кызматкерлери да келип суунун тазалыгын аныктап кетишти”,-деп билдиришкен эле.

Бирок Өзгөчө кырдаалдар министрилигинин маалыматына караганда жашыл түстөгү суу Аламүдүн дарыясында эмес, Ала-Арча суусунда аккан болушу мүмкүн. Видеонун автору суулардын аттарын адаштырып алуу ыктымалдуулугу да бар экендигин ӨКМден билдиришти.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости