ВИДЕО-Валентина Шевченко президентке ыраазычылыгын билдирди

ВИДЕО-Валентина Шевченко президентке ыраазычылыгын билдирди

Президент Сооронбай Жээнбеков UFC чемпиону Валентина Шевченкону UFC 247 эл аралык турнириндеги жеңиши үчүн куттуктады. Бул тууралуу мушкер өзүнүн Инстаграм баракчасынан билдирди.

Анын айтымында, мамлекет башчы беттеш бүткөндөн кийин мушкерге чалган.

“Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков телефон чалганы үчүн аябай кубанычтамын. Рахмат, Сооронбай Шарипович, жылуу калоо-тилектер үчүн! Биз сөзсүз Ысык-Көлгө барабыз”,-деп жазган.

Эске сала кетсек, 9-февралда кыргыздын “сары кызы” Хьюстондо (АКШ, Техас штаты) Кэтлин Чукагян менен беттешип, аны техникалык нокаут менен 3-раундда жеңип алды. Муну менен Шевченко жеңил салмактагы чемпиондук титулун 3-ирет коргоп калды.

So happy and proud to get a call from the President of Kyrgyzstan Zheenbekov Sooronbai! It’s a huge motivation for me to keep training hard and continue my journey through Martial Arts ! 👊🏻👊🏻👊🏻🏆 Очень рада получить звонок от президента Кыргызстана Жеенбекова Сооронбая Шариповича после защиты своего чемпионского пояса на ЮФС 247 в штате Техас !!!Спасибо дорогой Сооронбай Шарипович за тёплые поздравления! Мы обязательно приедем на Иссык Куль ! :)🏆🏆🏆 Muy feliz y orgullosa recibir la llamada del presidente de Kyrgyzstan 🇰🇬 Zheenbekov Sooronbai! Es una motivación increíble para mi para seguir entrenar duro y continuar mi camino dentro de los Artes Marciales Mixtas ! 👊🏻👊🏻👊🏻🏆 @sooronbai_zheenbekov_official

Публикация от Valentina Shevchenko (@bulletvalentina)

Булак: Nazarnews.kg

Назар Новости