ВИДЕО-Түштүк Кореяда коронавирусту жайылткан сектанын лидери тизелеп кечирим сурады

ВИДЕО-Түштүк Кореяда коронавирусту жайылткан сектанын лидери тизелеп кечирим сурады

Шинь-чонджи чиркөөсүнүн ибадатканачысы, христиан сектасынын башчысы Ли Ман Хи коронавирустун жаңы түрүн өлкөсүнө алардын сектасы жайылтканы үчүн кечирим сурады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Маалыматка караганда, сектанын 88 жаштагы башчысы Ли Ман Хи Түштүк Кореяда оорунун жайылып кетиши боюнча маалымат жыйынын өткөрүп жатып, сектанын кээ бир мүчөлөрү январь айында Кытайдын Ухань шаарына барып келип, аталган ооруну чиркөөнүн ичинде өз ырым-жырымдарын жасап жатып бири-бирине вирусту жуктуруп алышкандыгын, мындан улам коронавирус өлкө аймагына жайылып кеткендигин билдирген.

«Бул атайын жасалган эмес, көбү жуктуруп алышты. Биз ооруну алдын алып, адамдарыбызды илдеттен сактап калууга аракет кылдык, бирок колубуздан эч нерсе келген жок», —деп кылган ишине өкүнүп жаткандыгынын белгиси катары ийилип, тизелеген.

Эске салсак, Түштүк Кореяда коронавирустун жаңы түрүн жуктуруп алгандардын саны 4812ге жетсе, тумоодон каза болгондордун саны 28ге жетти. Анын 60 пайызы дал ушул сектанын мүчөлөрү.

Булак:NazarNews

Назар Новости