ВИДЕО+СҮРӨТ- Дунган деген ким? Президентке кайрылуу

ВИДЕО+СҮРӨТ- Дунган деген ким? Президентке кайрылуу

Уламышка караганда дунгандардын атасы-араб, эл эми энеси-кытай болгон. Ошолордон жаралган урпактар дунган деген аталышка ээ болуп, Кытайда жашашкан. Алардын Кытайдан айырмасы-дининде. Дунгандардын мусулман динин тутунгандыгы-атасы арабдыгы менен түшүндүрүлөт. Кийимдери жана келбети энесине окшош деп айтылып келинет.

Маалыматтарга караганда дунгандар 150 жыл мурда Кытайда жашашчу. Кийин Цин династиясына каршы көтөрүлүш чыгаргандыктан, Борбордук Азияга качып келишкен. Бул тууралуу орусиялык “Настоящее время” каналы жазып чыкты.

Борбордук Азияга качып келгенде алар Кыргызстандын Түндүгүндө жайгаштырылган. Азыркы учурда Кыргызстандын аймагында 60 миңдин тегерегиндеги дунгандар жашашса, Казакстанда 40 миңдей дунган жашайт. Алар азыркы күнгө чейин өз салтын, кийимдерин жана ашканасын сактап келишет.

Кытайдагы дунгандардын саны 10 миллионго жетет. Алар кыздарын эрте күйөөгө узатышат.

Жакынкы убакта Казакстандын Кордай районундагы дунгандардын катышуусундагы чыр-чатак Борбор Азиядагы алгачкы жаңжал эмес.

Буга чейин алар Кыргызстандын Чүй аймагына дунган автономиялык облусун курабыз деген аракеттери болгондугу белгилүү. Мындан 14 жыл мурда февраль айында дагы дал ушундай окуя Токмок шаарынын Искра деген айылында да катталган. Анда кыргыздар менен дунгандардын ортосунда кагылыш болуп өткөн. Бул кагылышта дунгандарга 1990-1994-жылдардагы Жогорку Кеңештин депутаты Юнус Дунларов жетекчилик кылып, ал кийинчерээк өлтүрүлгөн.

Юнус Дунларов

Ошол окуядан качып, алар Казакстандын Кордай районуна кирип кетишкендиги айтылып жүрөт.

https://www.youtube.com/watch?v=player/0/30426735.html?type=video

Ал эми бүгүн социалдык тармакта Казакстандын тургуну президентке кайрылуу жолдогон. Анын кайрылуусуна буга чейин Казакстан Республикасынын президенти Касым-Жомарт Токаевдин полиция кызматкерлери жазаланат деген сөзү себеп болгон.

Ал өз кайрылуусунда полиция кызматкерлерин жазаланбаш керектигин, анткени алар милдетин гана аткаргандыгын айткан.

https://www.youtube.com/watch?v=YFbRT9NkSOs

Булак: Nazarnews.kg

Назар Новости