ВИДЕО-Райымбек Матраимов жылдын мыкты меценаты наамына ээ болду

ВИДЕО-Райымбек Матраимов жылдын мыкты меценаты наамына ээ болду

Кечээ, 29-февралда Бишкекте 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча Sport Awards сыйлыктарын тапшыруу аземи болуп өттү.

Сыйлыктар менен кесиптик ишинде көрүнүктүү жетишкендиктери үчүн Ата-мекендик спортчулар жана спортту өнүктүрүүдө маанилүү салым кошкондор сыйланды.

Аталган иш чара алтынчы жолу өткөрүлүп жатат. Эң мыктыларга “Олимпиадалык оюндун түрлөрү боюнча мыкты спортчу”, “Улуттук оюндар боюнча мыкты спортчу”, “Мыкты спортчу”, “Мыкты команда”, “Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендердин арасындагы мыкты спортчу”, “Жылдын мыктысы” номинациялары аталды.

Ошондой эле, уюштуруучу комитети кошумча “Мыкты меценат” жана “Мыкты федерация” номинациясын жарыялады.

Бул жылы мыкты меценаты наамына Бажы кызматынын төрагасынын мурунку орун басары Раимбек Матраимов ээ болду.

Эске сала кетсек, буга чейин Раим Матраимов бир тууганы менен EREM спорт клубун ачкан. Мындан сырткары, Оштун футзал боюнча командасын жана башка спорттун түрлөрүнө демөөрчү болуп келет.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости