ВИДЕО- Окумуштуулар 3000 жыл мурда каза болгон кечилди (жрец) сүйлөтүштү

ВИДЕО- Окумуштуулар 3000 жыл мурда каза болгон кечилди (жрец) сүйлөтүштү

Улуу Британияда окумуштуулар 3000 жыл мурда каза болгон Несьямун аттуу кечилдин (жрец) үнүн калыбына келтиришти.

Алардын изилдөөсүнүн жыйынтыгы Scientific Reports журналына жарыяланган. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.

Маалыматка караганда мумиянын кекиртеги жана үн байламталары жакшы сакталган. Белгилүү болгондой инженерлер компьютердик томографтын жардамы менен Несьямундун сүйлөө органынын үч өлчөмдүү моделин түзүшүп, аны 3D-принтерден чыгарышкан.

Анын жасалма кекиртеги менен динамиканы байланыштырышып, сүйлөтүп көрүшкөндө “а” менен “э” тыбыштарынын ортосундагы үн пайда болгон.

Бул добушту видеонун 30-секундасында угууга болот.

Эске сала кетсек, Несьямун-Улуу Британиядагы (Лидза музейинде) белгилүү жана жакшы сакталган мумиялардын бири болуп саналат.

Кечилдин сөөгү салынган табыт Египеттеги Амон кудайынын храмынан табылган.

Кечил Несьямун Рамзес XI дун тушунда кызмат кылган жана 50 жашында каза болгон. Анын табытында кудайдан сүйлөө жөндөмүн кайтып берүүсүн суранган жазуу табылгандыгы маалым болду.

Булак:NazarNews.kg

Назар Новости