ВИДЕО- Мушташ баштала элек жатып бүтүп калды. Маркегор каршылашын нокаут менен жеңди

ВИДЕО- Мушташ баштала элек жатып бүтүп калды. Маркегор каршылашын нокаут менен жеңди

UFC нин мурунку чемпиону Конор Макрегор америкалык Серронени утуп кезектеги рекордун койду. Бул тууралуу Р-Спорт кабарлады.

Бүгүн, 19-январда Лас-Вегастагы UFC 246 турниринде Макрегор биринчи раунддун 40-секундасында америкалык мушкерди техникалык нокаут менен жеңди. Макрегор Серрондун мурдун сындырып, буту менен аны жыгытып, башына ура баштаган. Рефери мушташты токтоткон.

Мушташ Лас-Вегастагы легендарлуу T-Mobile Arena аренасында өттү. Бул UFC 246 турниринде негизги мушташ болчу.

Макрегор 2018-жылдын октябрь айында Хабиб Нурмагомедовдон утулуп, чемпиондук курун тагынбай калгандан бери октагонго чыга элек болчу.

Серроне мурунку жеңил салмактагы титулдун талапкери, бирок 2016-жылдан 2019-жылга чейин орто салмактагы категорияда октагонго чыгып келген. Мурунку сентябрь айында болгон мушташта америкалык мушкер өзүнүн жердеши Жастин Гэтжиге утулуп берген.

Конордун эсебинде 25 мушташтан 21 жеңиш, а Дональдыкы 48 мушташтан 35 жеңиши бар.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости