ВИДЕО- Майк Тайсон атаандашынын кулагын тиштесе, эми дагы бирөө атаандашынын ийининен тиштеп алды

ВИДЕО- Майк Тайсон атаандашынын кулагын тиштесе, эми дагы бирөө атаандашынын ийининен тиштеп алды

Америкалык Дэнни Гарсия өткөн жумада украиналык боксчу Иван Редкач менен жеңил салмак категориясында беттешке чыккан. Мушкерлер Бүткүл дүйнөлүк бокс кеңешинин (WBC) версиясы боюнча чемпиондук курга талапкер катары күч сынашты.

Бул тууралуу ММК чет элдик маалымат булагы билдирди.

Маалыматка караганда окуя 8-раундда болгон. Редкач беттеш учурунда атаандашынын ийинин тиштеп алган. Видеодо бул учурду калыс байкабай калгандыгын көрүүгө болот.

Мындай жагымсыз учурга карабастан америкалык спортчу тиштээк атаандашына жеңилүү ызасын тарттырууга жетишти.

Гарсиянын карьерасында 36 жеңиш, эки жеңилүү ызасы бар.

Гарсия атаандашы тиштеп алгандыгын бетештен кийин айтып берген.

Эскерте кетсек, Майк Тайсон 1997-жылы Эвандер Холифилд менен реванш-беттеште каршылашынын кулагын тиштеп алган. Холифилд мелдешти улантуудан баш тарткан. Тайсонду дисквалификация кылышып, эреже бузган спортчуну 3 миллион доллар айып төлөтүшкөн.

Булак:NazarNews.kg

Назар Новости