Видео-кыргызстандык бийчилер эл аралык сынакта күмүш медалга ээ болушту

ВИДЕО-Кыргызстандык бийчилер эл аралык сынакта күмүш медалга ээ болушту

Кыргызстандык бийчилер спорттук бал бийи боюнча эл аралык мелдеште күмүш медалга ээ болушту. Бул тууралуу Бий спортунун федерациясынан билдиришти.

Маалыматка таянсак, жыл сайын өтүүчү «WDSF World Open — 2019» сынагы бул ирет Украинанын Киев шаарында өткөн. Ага 15 мамлекеттен 49 жуп катышкан. «Чоңдор, латина, ачык класс» категориясында Кыргызстандан барган бийчилер Артем Семеренко менен Валерия Качалко экинчи орунга ээ болушту.

Дүйнөлүк рейтингде Артем Семеренко менен Валерия Качалко 21-сапта турушат. Мурда алар Новосибирск шаарындагы мелдеште коло медаль утушкан.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости