ВИДЕО-Коронавирустан коркуп министр Ангела Меркель менен кол алышпай койду

ВИДЕО-Коронавирустан коркуп министр Ангела Меркель менен кол алышпай койду

Коронавирустан коркуп Германиянын ички иштер министри Ангела Меркель менен кол алышып учурашпай койгон. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Маалыматка караганда, Меркель 2-март күнү мигранттардын өкүлдөрүнүн сүйлөшүүсүнө катышкан. Жыйынга кирип келатып ал ички иштер министри Зеехофер менен кол алышып учурашайын деген. Бирок, министр ага колун сунбай койгон.

Отургандар муну тамаша иретинде кабыл алышкан. Анткен министр Зеехофер буга чейин коронавирустан улам эч ким менен убактылуу кол алышып учурашпай турганын айтып чыккан.

Эске сала кетсек, Кытайдын Ухань шаарында жайылган коронавирус дүйнөнүн 63 мамлекетине тарап кеткен. Бул ооруну дүйнөдө 86 миңден ашык адам жугузса, 3миңге жакын адам тумоодон каза болгон. Ал эми, учурда Германияда коронавируска кабылгандардын саны 150гө жетти.

Булак:NazarNews

Назар Новости