ВИДЕО- Хабиб Макгрегор менен реваншка чыгуу үчүн бир шарт койду

ВИДЕО- Хабиб Макгрегор менен реваншка чыгуу үчүн бир шарт койду

UFCнин учурдагы жеңил салмак категориясы боюнча чемпиону Хабиб Нурмагомедов ирландиялык Конор Макгрегор менен реваншка чыгат. Бирок бир шарт менен. Бул тууралуу РИА Новости Орусиялык мушкердин атасы Абдулманап Нурмагомедовго шилтеме берүү менен жазып чыкты.

“Бизге дагы Конор менен реванш керек. Бирок 100 миллион доллар бергиле. Фергюсон менен беттештин эртеси ушул сумманы беришиңер менен реванш өткөрөбүз. Бул беттешти Дана Уайт каалап жаткан болсо, уюштурсун”,-деп айткан Абдулманап Нурмагомедов.

Эске сала кетсек, Макгрегор Хабиб менен UFC турниринде Лас-Вегастагы беттештен бери октагонго чыга элек болчу.

Ошондон кийин биринчи жолу Макгрегор Серроне менен кечээ, 19-январда беттешип, 40-секундада нокаут менен жеңип алды.

Мындан мурда Хабиб Макгрегорду атаандаш катары эсептебей тургандыгын айткан.

Төмөндөгү видеодо эки мушкердин беттеши кандай өтүп, анда кимдер мушташкандыгын көрө аласыздар

https://www.youtube.com/watch?v=xlGp0-5T5RI

Булак:NazarNews.kg

Назар Новости