Кант шаарында кошуналар ууруну кармашты. Ал алтын, планшет жана телефондорду шымына катып алган. Жергиликтүү тургундар Kaktus.mediaга видеону жөнөтүшкөн.
Алардын айтымында, бүгүн, 25-февралда Канттын №3 кичи районундагы көп кабатты үйдүн тургундары кошунасынын батиринде бирөө жүргөнүн угуп калышат. Алар батирдин ээси кечкиге чейин үйүндө болбоорун билишет болчу.
Алар үйүнөн чыгышып, кошунасыныкына баратканда, тепкичтен ылдый бир киши түшүп бара жатканын көрүшөт. Киши аларды шек санатып, кошуналар аны кармап алышып, милиция кызматкерлерин чакырышкан. Кармалган жаранды милиция кызматкерлери тургундардын көзүнчө аны тинтип чыгышкан.
Шектүүнүн шымынан алтын, планшет, телефондор жана батирдин ачкычы табылган.