ВИДЕО — Экс-премьер-министр Темир Сариев айымдарды 8-март майрамы менен куттуктады

ВИДЕО - Экс-премьер-министр Темир Сариев айымдарды 8-март майрамы менен куттуктады

Экс-премьер-министр Темир Сариев 8-март аялдардын Эл аралык майрамы менен куттуктады.

Эске салсак, 1910-жылы Копенгагенде социалист-аялдардын 2- эл аралык конференциясында немец революционери, Германия Компартиясын негиздөөчүлөрдүн бири Клара Цеткин бүткүл дүйнө аялдарынын эзүүгө, буржуазиянын үстөмдүгүнө, теңсиздикке каршы өз укуктары үчүн күрөштөгү тилектештигинин күнүн белгилөөнү сунуштаган. Анын сунушу боюнча жыл сайын Аялдардын эл аралык күнүн майрамдоо жөнүндө чечим кабыл алынган. Бул күн 1жолу 1911-жылы Германия, Австрия, Швейцария жана Данияда, ал эми Россияда 1913-жылы өткөрүлгөн. 1914-жылы Австрия, Венгрия, Германия, Нидерландия, Швейцария, Россия, АКШ жана башка өлкөлөрдүн аялдары аялдардын эл аралык күнү 8-мартты салтанаттуу майрамдоону белгилешкен (буга чейин көптөгөн өлкөлөрдө марттын ар кайсы күндөрүндө белгиленген). Ошондой эле еврей элдеринде да жаз майрамы — Пурим кыштан жазга өткөн мезгилге туш келип, 8-март күнү майрамдалат. СССРдин убагында СССР Жогорку Советинин Президиумунун 1965-жылы 8-майдагы Указы боюнча аялдардын эл аралык күнү — 8-март дем алыш күн болуп жарыяланган. Кыргызстанда аялдардын эл аралык күнү 1920-жылдан белгиленип келе жатат. Бул күн кыргыз аялдары үчүн чоң мааниге ээ болуп, аялдардын сабатсыздыгын жоюу боюнча мектептер, аялдардын клубдары, кызыл үйлөрү, кесиптик атайын артелдер жана башка пайда болгон.

Булак: «NazarNews.kg»

Назар Новости