ВИДЕО- Дана Уайт: "Шевченко-чыныгы гангстер! Шевчонко- даана жырткыч"

ВИДЕО- Дана Уайт:

UFC уюмунун президенти Дана Уайт Валентина Шевчонконун UFC 247 турнириндеги беттеши күчтүү таасир калтыргандыгын басма сөз жыйынында билдирди.

Эскерте кетсек, 9-февралда кыргыздын “сары кызы” Хьюстондо (АКШ, Техас штаты) Кэтлин Чукагян менен беттешип, аны техникалык нокаут менен 3-раундда жеңип алды. Муну менен Шевченко жеңил салмактагы чемпиондук титулун 3-ирет коргоп калды.

Дана Уайт: “Ал ушунчалык ажайып. Ал профессионал болуу менен бирге жакшы адам болуп, бийиктикте кала берет. Ал тим эле гангстер! Бул кыз-чындыгында гангстер! Ал өз таасирдүүлүгүн далилдеп, бүгүн эң мыкты көрүндү. Чыдамсыздык менен анын кийинки беттешин күтөм.

Менин оюмча бул үчтүк (Шевченко, Нуньес, Жанг) менен көп нерселерди уюштурууга болот. Мен алар өз дивизионунда калып, өз иштери менен алек болушун каалар элем. Келечекте эмне болоорун дагы көрөбүз”,-деп айткан.

Валентина 2019-жылы 9-июнда алгачкы жолу Жессика Айдан чемпиондук титулун коргогон.

“Шевченко-жырткыч, даана жырткыч. Ал ар бир мелдеш сайын каардуу болуп келатат. Бул чындыгында коркунучтуу”,-деп Дана Уайт Шевченкого ошондо да жогору баасын берген.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости