Видео – бул эмнеси? чүйдө казакстандык аскерлер тикенек зым тарткан видео таркады

Чүй облусундагы Токмок шаарынын айланасында жайгашкан “Азия” май куюучу жайынын тегерегин Казакстандын чек ара кызматы темир тор менен тартууда. Буга нааразы болгон кыргыз жараны алардын кыймыл аракетин видеого тартып жөнөткөн. Видеодо аталган объект Бишкек-Нарын-Торугарт автожолунда жайгашкандыгын баамдаса болот. Тасманын автору видеонун алдына төмөндөгүчө баяндама калтырган, ал өзгөрүүсүз берилет:

Бул боюнча кимде кандай маалымат бар? Ысык-Кол тарапка кетип жаткан май куйуучу заправканын айланасын казактар тосуп жатат деген ватсапптан ушул маалымат келди. Эскертуу такталбаган маалымат. Ошол тарапка жол жургон жургунчу, таксисттер байкап корунуздор? Болбосо азыркы бийлике ишенич калбады.”

Азырынча коңшу өлкөнүн мындай иш аракеттери боюнча расмий өкүлдөр маалымат тарата элек.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости