ВИДЕО — Баткендин “губернатору” Мадумаров чек ара маселесин “жайгаргандан” кийин педагогдордун маселесине өттү

ВИДЕО - Баткендин “губернатору” Мадумаров чек ара маселесин “жайгаргандан” кийин педагогдордун маселесине өттү

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаров чек ара көйгөйүн “чечип” салып, эми педагогдордун маселесине киришти. Айтсак, ал бүгүн Кызыл-Кыя педагогикалык институтуна барып, мугалимдерди бир тизгиндеп чыкты. Анда облус “губернатору” эмне себептен аталган окуу жай Ош, Бишкектеги окуу мекемелериндей эмес экендигине кызыгып, бир топ кемчиликтерге токтолду. Андан сырткары, Мадумаров педагогдордун дресс-кодуна дагы көңүл буруп, ачуусун бир чыгарып алды көрүнөт.

“Бирөөңдө галстук жок. Жүрүшүңөрдү карагылачы, азыр ишпи?, иш деп жатасыңар, анда эмне үчүн галстуксуз жүрөсүңөр?”, -деген Акрам Мадумаровго мугалимдер “ремонт иштерин жасайбыз, кабинетибизди жасайбыз”, — деп жооп беришти.

https://www.youtube.com/watch?v=whp8DMm9w4w

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости