ВИДЕО – Арданчаак бөбөк каршылашын кайра беттешүүгө чакырды

ВИДЕО – Арданчаак бөбөк каршылашын кайра беттешүүгө чакырды

Жеңилүү ызасына чыдабай чабалактаган бөбөк, калыстардын чечимине ыраазы эместей. Бул тасмада байкалгандай, күрөш боюнча кичинекейлердин таймашы жүрүп жатат. Анда жеңилүү ызасын тарткан кичинекей, көзүнүн жашын көлдөтүп, атаандашын карай жүткүнө бергенин көрүүгө болот.

Интернетте пайда болгон бу тасмадагы өжөр бала көпчүлүктүн купулуна толгон. Көпчүлүктүн баалоосунда, ал балакай чыныгы жеңүүчү болду. Анткени азыр алсыздык кылганы менен келечектеги намыстуу спортчу болорунан шек санашпайт.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости