ВИДЕО-Айсулуу Тыныбекова: “Олимпиада оюндарынан алтын медаль утуп, тарыхты жараткым келет”

ВИДЕО-Айсулуу Тыныбекова: “Олимпиада оюндарынан алтын медаль утуп, тарыхты жараткым келет”

Дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова жакында эле Италиядагы турнирде 62 килограммга чейинки салмактагы күрөштө алтын медалга ээ болгон.

“Биз буга көптөн бери келе жатабыз. Мен эки Олимпиадага катышкам-Лондон жана Рио-де-Жанейро. Аларда мен өзүмдүн каталарым үчүн ута алган эмесмин. Менин копилкамда олимпиадалык медаль жок. Мен жөн эле медаль эмес алтын медаль каалап жатам”,-дейт Тыныбекова.

Ал өз интервьюсунда муну бүтүн кыргызстандыктар күтүп жатканын баса белгиледи.

“Кыргызстан эгемендүүлүктү алгандан бери бизде олимпиадалык спорту боюнча жана дүйнө чемпионатынан алтын медаль болгон эмес. Мен Олимпиада оюндардан алтын медаль утуп, бир тарыхты жараткым келет”,-дейт дүйнө чемпиону.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости