ВИДЕО-Айсулуу Тыныбекова кайрадан чемпион!

ВИДЕО-Айсулуу Тыныбекова кайрадан чемпион!

Кыргыздын сыймыгы Айсулуу Тыныбекова Италияда күрөш боюнча эл аралык турнирде алтын медалдын ээси болду.

Ал 16-январда 62 килограмм салмак категориясында беттешке чыккан. Тыныбекова 19 спортчунун арасынан өзүнүн теңдешсиз экендигин далилдеди.

Эске салак кетсек, 1-кармашта Тыныбекова кытайлык Жи Лонг менен кез келип, күрөш 6:6 эсебинде болуп жаткан, бирок убакыт бүтөрүнө 10 секунд калганда Айсулуу жеңип алды.

Ал эми чейрек финалда 2019-жылы өспүрүмдөр арасында дүйнөнүн вице-чемпиону америкалык Мэйси Эллен Килтини 10:0 эсебинде жер каратты.

Финалга чыгыш үчүн биздин балбан АКШлык Кайла Коллин Миракл менен күч сынашты. Бул ирет Тыныбекова америкалык спортчунун далысын жерге тийгизип, финалга чыкты.

Финалдык кармашта Айсулуунун атаандашы 2019-жылы 59 килограмм салмакта дүйнөнүн вице-чемпиону орусиялык Любовь Овчарова болду. 1-бөлүк 7:2 эсебинде Тыныбекованын пайдасына аяктап, тыныгуу учурунда Овчарова өзүн жаман сезгендиктен, биздин балбан кыз кайрадан чемпион аталды.

https://www.youtube.com/watch?v=xZUm9fP1FDo

Булак:NazarNews.kg

Назар Новости