Видео- митингге катышкан эже: биз жапаровду колдоо үчүн эмес, жээнбековду кетирүү үчүн барганбыз

2-мартта Садыр Жапаровду колдоо митинги ар кандай талкууларга себеп болууда. Айрымдар бул митингге чыккандар акчага келди дешсе, айрымдар чын эле Садыр Жапаровду колдоого барышты деген сыяктуу эл ичинде ар кандай имиштер жүрөт. Ал эми төмөндөгү митингге чыккан эжелердин бири митингге адашып келип калып, ал жердеги аялдарга кокусунан кошулуп калгандыгын билдирди. Анын айтымына караганда Ала-Тоо аянтына барганда, ошол жердеги аялдар митингге Жапаровду колдоо үчүн эмес, президент Сооронбай Жээнбековду кетсин деп келишкендигин билдирип, 70 жаштагы видеодогу эже аларга кошулуп алган. Эженин сөзүн толугу менен видеодон көрө аласыздар.

Эске сала кетсек, 2020-жылдын 4-март күнү Кыргыз Республикасынын ИИМи тарабынан Бишкекте 2020-жылдын 2-мартында С. Жапаровдун тарапташтары өткөргөн митинг учурунда Жогорку Кеңештин кызматкерлерине жана өтүп бара жаткан жарандарга маданиятсыз сөздөрдү сүйлөп, коомдук тартипти жана жалпыга кабыл алынган жүрүм-турум эрежелерин бузуу менен башка белгисиз аялдар менен кошо кол салган аял кишинин өздүгү такталып, ал 1973-жылы туулган Ч.Н. аттуу жаран экендиги аныкталып, Бишкек ШИИББине жеткирилген болчу.

Андан сырткары бейбаштык аракеттери менен эч себепсиз мазактап, маданиятсыз сөздөрдү сүйлөп кол салышкан белгисиз аялдарга карата тиешелүү чараларды көрүү үчүн арыз менен Жогорку Кеңештин кызматкерлери дагы кайрылган.

Азыркы учурда жаран Ч.Н. аттуу жаранга карата тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Топтолгон материалдын жыйынтыгы менен юридикалык баа берилмекчи, тактап айтканда,беренени квалификациялоо каралаары айтылып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган эле.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости