Валентина Шевченко үч мүмкүн болуучу атаандашын атады

Валентина Шевченко үч мүмкүн болуучу атаандашын атады

09-февралда Кэтлин Чукагян менен беттешке чыгып, титулун сактап калган UFC чемпиону Валентина Шевченко абалы жана алдыдагы пландары тууралуу айтып берди. Бул тууралуу Fighttime.ru. билдирди.

“Мен өзүмдү сонун сезип жатам. Жеңиш үчүн гана эмес, акыркы бир нече айда көп иштөөгө туура келди. Көп кыйын машыгуулар, психологиялык басым жана башкалар. Мушташ сиз күткөндөй бүтүп жатса, дүйнөдөгү эң мыкты сезим”,-деп спортчу UFC 247 турниринен кийинки өткөн пресс-конференцияда айткан.

Кийинки атаандашы тууралуу суроого Шевченко титулдук мушташка чыга алган үч кызды атады.

“Биз рейтинг боюнча Кэтлин Чукагян менен Жессика Айдан кийин ким турарын карадык. Алар Жоанн Калдервуд, Женнифер Майа жана Роксан Модаффери. Бул үч кыз эң кыйын мушкерлер болуп саналат. Алардын жакшы тажрыйбасы бар. Мен кубаныч менен үчөөнүн бир менен беттешке чыкмакмын.

Эске сала кетсек, Валетина Шевченко менен Кэтлин Чукагяндын титулдук беттеши үчүнчү раундда техникалык нокаут менен аяктаган. Ошентип, кыргызстандык мушкер чемпиондук куурусун сактап калган.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости