Президент коронавируска каршы "согуш" жарыялады

Президент коронавируска каршы

Түштүк Кореянын президенти Мун Чжэ Ин коронавируска каршы «согуш» жарыялады. Өкмөттүк мекемелер күнү-түнү иштөөгө өттү. Бул тууралуу чет элдик булактар жазып чыкты.

Маалыматка караганда, өлкөнүн президенти коронавирус күч алганын жана ага каршы күрөшүүнү күчөтүү керектигин айткан.

«Түштүк Корея критикалык абалда турат. Ал коронавируска каршы күрөшүү үчүн 25 миң доллар бөлүнгөнү тууралуу айтып: «Тэгу жана Түштүк Кенсан провинциясындагы кризис өзүнүн туу чокусуна жетти. Бардык өлкөлөр инфекциялык ооруга каршы күрөшүп баштады», — деди Мун.

Белгилей кетсек, өткөн аптада Кореяда коронавирусту 600 адам жуктурган. Ал эми жалпы 4812 адам бул ооруга кабылды.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости